Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия 2014-жылдын 9-декабрында Каржы министрлигинин Коомдук кеңешинин курамын бекитти. Аталган министрликтен билдиришкендей, кеңештин курамы төмөнкүдөй:
- Маматова Чынара (“Fichtner/FNT consultants”, каржылык аналитик);
- Сатыбеков Бакытбек (Борбордук Азия регионалдык экологиялык борборунун Кыргызстандагы филиалынын директору);
- Буржубаев Темир (Азия өнүктүрүү банкынын консультанты);
- Бексултанов Чыңгыз (“Өнүгүүгө расмий жардам форуму” коомдук борборунун директору);
- Эралиева Майя;
- Жумадилов Амангелди (“Прогрессивдүү демилгелер фонду” коомдук фондунун башкы директору);
- Исмаилова Төлөйкан (укук коргоочу);
- Мейманов Бактыбек (Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика кафедрасынын доценти);
- Айтбаева Чынара (“Биздин кылым” ЖККБ);
- Карымшаков Камалбек (“Манас” Кыргыз-Түрк университетинин финансы жана кредит бөлүмүнүн доцентинин милдетин аткаруучу).
Коомдук кеңешке талапкерлердин резерви төмөнкүдөй:
- Атабаев Нурлан (“Ататүрк-Алатоо” эл аралык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин деканы);
- Токтогул Рысбек (“Кумтөр Оперейтинг Компани”-”Центерра Голд Инк.”, салыктар жана финансылык саясатты сактоо боюнча менеджер).