Эмгек квотасын аныктоо укугун өкмөткө берүү жөнүндө демилгени Жогорку Кеңеш 25-декабрда 2-окууда четке какты. Мыйзам долбоорунда эмгек квотасын аныктоо укугун өкмөткө берүү каралган. Учурда эмгек квотасын бекитүү укугу парламенттин колунда. 22-декабрда тиешелүү комитет аталган мыйзам долбоорун четке кагуу боюнча чечим кабыл алып, парламенттин кароосуна жиберген. Жыйында депутаттар квота бөлүү өтө орчундуу маселелердин бири болгондуктан, аны бекитүү укугу парламенттин өзүндө эле калганы туура экенин билдиришкен.