Бишкекте жогорку окуу жайлардын бириндеги банкоматты карактоону көздөгөн кылмыштуу топ кармалды

Бишкекте Борбордук Азиядагы Америка университетин тоноого кирип, кароолчуну байлап койгон кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү таңкы саат 06:40та "102" кызматына аталган окуу жайда чоочун адамдар жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге барган милициянын адистештирилген батальонунун кызматкерлери имараттын ичинен байланган кароолчуну табышкан. Ошондой эле ал жактан кылмышка шектүү 3 жаран кармалган. Кийинчерээк бул кылмышка шектүү катары төртүнчүсү үйүнөн кармалган. 

Кармалган жарандардын жанынан болгарка, барскан, рация, газ жана травма кылуучу тапанча, мык сууругуч, бургу жана бет каптар табылган. Алар окуу жайдын ичиндеги банкоматты тоноого киришкен. Андан сырткары кармалгандар шаардагы банктардын филиалдарына кол салууга даярданып жатышканын айтышкан. Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө. 

Учурда бул кылмышка шектүүлөр камакка алынган, алардын бири бул кылмышка катыштыгы бар же жок экендиги далилдене электигине байланыштуу үй камагына бошотулган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан