Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлери Лаос жана Кувейтке тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат

Бүгүн, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу макулдашуунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети жактырды.

Ошондой эле аталган комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана расмий же кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун да жактырды.

Тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаевдин айтымында, аталган макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлери Кувейт жана Лаос мамлекеттерине тоскоолдуксуз кирүүгө шарт түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан