Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кошулганда импорттук ун биздин унга караганда 10 пайызга арзан болот

Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кошулганда импорттук ун биздин унга караганда 10 пайызга арзан болот. Муну бүгүн, 18-июнда маалымат жыйынында КРнын Ишкерлер союзунун мүчөсү Рустам Жунушев билдирди. Анын айтымында, мындан улам жакында өлкөдө ошол эле Орусия жана Казакстандын уну биздин ундан арзан болгондо жергиликтүү ишкерлер кирешеси жок калышат.

Учурда ун чыгарган компаниялар өлкө казынасына жылына 600-700 миллион сом салык төлөшөт. Мындан тышкары 10 миң адам иштеп, социалдык төлөмдөрдү төлөп келишет.

Биз өкмөттөн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү алдында чет өлкөлүк унга болгон пайыздык көрсөткүчтү түшүрүүсүн суранып жатабыз, учурда ал 10 пайызды түзөт. Муну менен ата мекендик буудайды иштеп чыгуучулар тең тайлаша албай калышат”,- дейт Жунушев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Eli75
2015-06-18 12:01:03
Жкшы эле болот эле. Базарга барып алалы, айтканынарга анан ишенели.
+1
Gulgamal
2015-06-18 13:42:41
Eli75 туура айтасыз арзандасын базарга барып алалы курук созго суйунтуп койо беришет еле булар
0
vanga_78
2015-06-18 21:31:49
Мисалы Санкт- Петербургда 2кг жогорку сорттогу ун 38рубль,Кумшекер 36рубль деп кордум. Дукондон келгениме бир сааттай убакыт болуп калды. Клубника 1кг 250руб, бирок бул жерде жашылча жемиштин алма, помидор бадыран ошол эле кулпунайдын аты эле бар эч кандай шилекей агызган даам деген нерсе жок. Кулпунайдын чондугу тооктун жумурткасынан бир аз эле кичине колому. Чыныгы даам дегенди билишпейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан