Жогорку Кеңештин 19-июндагы отурумунда депутат
Жылдызкан Жолдошова өкмөт башчы
Темир Сариевдин 11-июнда Ош шаарына жасаган иш сапарын сынга алды. Анын айтымында, Ош шаарында Ош окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасында милиция "жетекчилер келишет" деп элди кысымга алып, ашыкча басууга тыюу салган жана катуу текшерип чыккан.
"Мен сизди "скромный" болууга чакырам. Мына, президентибиз "скромный" эле жүрөт го. Аймактарга барса, эки-үч гана адам коштоп барат. Сизди 30 киши коштоп барды. Милиция сизди келет деп элди кысымга алды",- деди Жолдошова.
Сариев депутаттын айтканын эске аларын билдирди. "Негизинен ал жерге мен эле эмес, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун да барды. Алардын талабы ошондой, алдын ала дыкат текшерип чыгышат, бирок айткандарыңыз эске алынат",- деп жооп берди.