Кечээ, 22-июнда Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев калаадагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясындагы бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйылкы окуу жылында Нарын шаарында 11-классты 357 окуучу аяктаса, анын 64 бүтүрүүчүсү аталган мектеп-гимназиядан. Шаар башчысы окуучуларды аттестатка ээ болушу менен куттуктап, мектептин уясынан жаңы жолго кадам таштап жаткандарга ак жол жана ийгилик каалады.
Шаар боюнча эки окуучу артыкчылык аттестатын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, анын бири - аталган орто окуу жайдын окуучусу Айгерим Тиленбаева. Окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн ага артыкчылык аттестаты жана алтын медаль тапшырылды.