Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 10-декабрда саат 06:00дө Бишкек-Ош жолундагы ашууларда кар жаап, жол тайгак болгондуктан, унаа тыгынын болтурбоо максатында Жайыл районундагы аталган бекетте оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Чектөө аба ырайына карап алынат.