Бишкектеги Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык балатылар базары ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, базарда ар түрдүү балатылар сатылууда. "Балатылардын көбү Ысык-Көл облусунан алынып келген. Эң кичинесинин бийиктиги 1 метр, ал эми эң чоңдору 8-9 метрге жетет. Бул базар 31-декабрга чейин иштейт. Октябрь районунун башчысы Болот Алымкулов сатуучуларды тазалыкты сактоого чакырат",- деп жазылат маалыматта.