Чоң-Арык конушунда үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу башталды

Бишкектин жогору тарабындагы Чоң-Арык конушунда үй-бүлөлүк медицина борборун куруу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жертөлөсү бар эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1283 чарчы метрди түзүп, 250 кишини кабыл алууга ылайыкталган.

Долбоордун алкагында ЭКГ жана УЗИ өткөрүү үчүн кабинеттер, ошондой эле дарыгерлер үчүн бөлмөлөр, техникалык зоналар, стерилизациялык жайлар, лифт жана тазалык түйүндөрү болот. Мындан тышкары аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.

Бүгүнкү күндө жер төлөнүн монолит иштери аяктап, биринчи кабатынын монолит каркас жумуштары жүрүп жатат. Үй-бүлөлүк медицина борборун куруу үчүн "Эсир компани" ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан