Ош шаарында тургундарга ыңгайлуу болуш үчүн эстакадалык көпүрөдөн өтө алыс эмес жерге аялдама курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, куруу иштери 2 күндүн ичинде бүткөрүлөт. “Айчүрөк” соода борборунун астына аялдама куруу планы эстакадалык көпүрө бүткөрүлөрү менен башталган. Ал базардан оор баштыктары менен чыккан элге ыңгайлуу болсун деп салынууда”,- дешти аталган мекемеден.
Айта кетсек, буга чейин “Ош шаарында жаңы бүткөрүлгөн эстакадалык көпүрөнүн жөө жүрүүчүлөр басчу жолун коомдук унаанын айдоочулары аялдама кылып алышты” деп окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу маалымдаган эле.