Кара-Суу. Жер титирөөдө 4 милиция кызматкеринин үйү жараксыз абалга келген, аларга Кытай полициясынын атынан жардам көрсөтүлдү

12-декабрь күнү Кытай Элдик Республикасынын Оштогу консулдук өкүлчүлүгү Кытай полициясынын атынан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жер титирөөдөн жапа чеккен кызматкерлерине гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар башкармалыктын жетекчилеринин колуна тапшырылды. Ошол эле күнү бул белектер жер титирөөдөн жапа чеккен Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылындагы милиция кызматкерлерине жана алардын туугандарына берилди. Ошондой эле кесиптештерине Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы да акчалай түрдө жардам көрсөттү. Ар бир кызматкерге 5000 сомдон тапшырылды жана мындан ары да ар тараптан жардамдар көрсөтүлүп турары маалымдалды. Мында жер титирөөдөн жапа чеккен 4 милиция кызматкеринин турак жайы жараксыз абалга келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KGstan81
2015-12-14 11:41:04
Уят эми ошол торт уйго дагын Кытайдан жардам алсак ошону учун кытайлар биздин милициябызды тоготушпайта
0
DNurgiza
2015-12-14 11:49:23
жардам бергени жакшы. Берсе ала бериш керек, коллегия катары жардам корсоткону го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан