Айтмамат Кадырбаев: "Ош шаарынын билимдүү жана активдүү студенттери мэрдин стипендиясын алышат"

Ош шаарынын студенттери мэрдин стипендиясын алышат. Бул тууралуу 14-декабрь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаадагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери менен жолугушууда билдиргенин мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө жалпы жаштардын учурдагы абалы, шаарды өнүктүрүүдөгү жаш муундардын орду, мамлекеттик тилди колдоого алуу, студенттердин маселелери жана шаар бийлиги менен кызматташуусу талкууланды.

Калаа башчысы акыркы учурда жаштар коомдук турмушка активдүү катышып жатканын айтып, аймакта келечек муундары үчүн бардык шарттар түзүлүшү керектигин жана бул багытта жаштар үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты жыл сайын көбөйүп жатканын билдирди.

Учурда мектептерде, жогорку окуу жайларында билим берүү деңгээли төмөн. Ошол эле учурда билимге умтулган, "өлкөнүн, шаардын өнүгүүсүнө өз салымымды кошом" деген жаштарыбыз да жок эмес. Билимдүү жаштарды колдоо максатында мэрдин стипендиясын берүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Жакынкы арадан баштап билими, интеллектуалдык деңгээли жогору, активдүү 20 студент мэрдин стипендиясына арзыйт”,- деди Кадырбаев.

Айта кетсек, мэриянын басма сөз кызматы стипендиянын көлөмү канча болорун белгилеген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
boss1991
2015-12-15 13:09:49
Братан молодец! Студенттер окушсун эми тырышып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан