Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №86123-аскер бөлүгүнүн жаш жоокерлери ант беришти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №86123-аскер бөлүгүнүн жаш жоокерлери ант беришти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунда өткөн салтанаттуу ант берүү иш-чарасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ыкчам башкармалыгынын башчысы, полковник Урматбек Шамырканов, “Жоокер энелери” коомунун төрайымы Уулкан Байгубатова жана аскердик бөлүктүн жетекчилиги катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаш жоокерлердин ата-энелери аскерлердин күнүмдүк
жашоо-турмушу менен жакындан таанышты.

Министрликтин Ыкчам башкармалыгынын башчысы У.Шамырканов: “Жарандар жылдан-жылга аскердик кызмат өтөөнүн сапаты жакшырып, ыйык милдетти аткаруу чоң жоопкерчилик экенин сезип жатышат. Ата Мекенге кызмат өтөө үчүн келген жаштардын саны өсүп, өзгөчө жогорку билимге ээ болгон жаштардын келүүсү абдан кубанарлык”,- деп сөзүн айтты.

"Алгач жаш жоокерлер атайын даярдоо класстарынан өтүшүп, жаз айларынан тартып аскердик тартип жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу, куткаруу багытындагы иштерге катыша алышат. Мындан тышкары куткаруучулар министрликтин башка бөлүктөрүндө иштөөгө мүмкүнчүлүк ала алышат",- деп баса белгиледи мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан