Өлкөнүн түштүк аймагындагы калктын ден соолугуна түрк дарыгерлери кам көрүшүүдө

Өлкөнүн түштүк аймагындагы калктын ден соолугуна түрк дарыгерлери кам көрүшүүдө. Муну бүгүн, 15-декабрда Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 14-декабрь күнү Ош шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган кыргыз жана түрк өкмөтүнүн келишиминин негизинде саламаттыкты сактоо тармагында жылына жүздөн ашуун бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүү боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Түркия мамлекетинен келген дарыгерлер тобу, Ош облустук жана Ош шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчилери катышты. Анын негизинде түштүк облустарынын тургундары үчүн ден соолук жумалыгы жарыяланды.

Келишимдеги “Ден соолук-2” долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкын дарылоо үчүн 12-декабрда түрк дарыгерлери келишти. Учурда бейтаптарды кабыл алуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Ош облустар аралык балдар клиникасында жана Ош шаардык төрөт үйүндө жүргүзүлүп, алгачкы операциялар жасалды.

Түркия мамлекетинен 25 адамдан турган дарыгерлер келишти, алар: абдоминалдык хирург,
хирург-офтальмолог, травматолог, акушер-гинеколог, жаак-бет хирургу, уролог жана кардиологиялык хирургдардын бригадасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anykids
2015-12-15 15:03:54
Админ алар мн кантип байланышса болот,билип бере аластарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан