Инспектор жана прокурордун орун басарынын өлтүрүлгөн кийиктер менен сүрөткө түшүшүн иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия өз жыйынтыгын кийинки аптада чыгарат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 15-декабрда өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди.
Анын айтымында, 5 кишиден турган атайын комиссия учурда териштирүү иштерин жүргүзүүдө. “Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында 3 айдан бери иштеген Искендер Жолдошов менен Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев кийиктерди атууга уруксат кагаздарын комиссия мүчөлөрүнө көрсөтүшөт. Чогултулган материалдар Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине жөнөтүлөт. Ал жерден "Аңчылык үчүн лицензиялар чынында эле берилгенби? Кандай жол менен берилди?" деген сыяктуу суроолорго жооп алынат. Эгер баары мыйзамдуу болсо, чара көрүлбөйт, анткени ууга чыгууга берилчү лицензия адамдын ээлеген кызматына карабайт”,- деди Абазбеков.
Эскерте кетсек, окурман кечээ, 14-декабрда мамлекеттик органдын кызматкери тоо текелерди атып, жаратылышка зыян келтирип жатканын билдирген эле. Окурман "Чара көрүлөбү же чиновниктерге боло береби?" деп суроо койгон.