Лондондо дин тармагындагы көйгөйлөр боюнча Эл аралык мусулмандар форуму өтүүдө. Ага кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышып жатат. Бул тууралуу 16-декабрда муфтияттан билдиришти.
Эл аралык мусулмандар форумуна Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгы, "Аль-Мустафа" Эл аралык университетинен жана Татарстан мусулмандарынын муфтийи жана диний лидерлер катышууда.
Форумдун жүрүшүндө радикализмдин алдын алуу, салттуу руханий-нравалык баалуулуктарды сактоо, улуттук маданиятты сактоо менен экстремизм, терроризмдин алдын алуу саяктуу бир топ темалардын алкагында талкуулар болмокчу.