Көмүрдүн баасы өлкөнүн түндүк аймагы боюнча Талас облусунда кымбат болууда. Экономика министрлиги 15-январда кабарлагандай, учурда аталган облуста көмүрдүн 1 тоннасы орточо 4800-5300 сомдон сатылып жатат. Көмүрдүн арзан баасы Кочкор районунда. Аймакта орточо баа 3000-3500 сомду түзүүдө. Калган аймактарда 1 тонна көмүрдүн баалары мындай:
Токмок шаарында - 4000-4100 сом;
Кара-Балта шаарында - 4000-4100 сом;
Каракол шаарында - 4400-4500 сом;
Чолпон-Ата шаарында - 3500-3800 сом;
Балыкчы шаарында - 3100-3200 сом;
Нарын шаарында - 3500-3800 сом;
Бишкек шаарында 4000-4100 сом.