Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2016-жылдын 15-январына карата 10 миллиард 736 миллион метр кубду түздү. "Электр станциялары" ишканасынын билдиришинче, 2015-жылдын 13-январында суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 миллиард 818 миллион метр кубду түзгөн. Суунун агып кириши 15-январга карата секундасына 203 метр куб, агып чыгышы 576 метр куб болууда.
Бишкек ЖЭБи суткасына орточо 8 миллион 797 миң киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгууда.