Ушул жылдын январь айынын ортолорунда илимий кеңешчи, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Т.Кененсариев баштаган курамында алдынкы архивдин кызматкерлерин камтыган илимий топ биринчи жолу Орусия Федерациясынын архивдерине жана китепканаларына илимий экспедиция менен барууга даярданып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат борбору билдирди.
Бул экспедициянын негизги максаты чет өлкөлөрдүн архивдеринде, музейлеринде жана китепканаларында сакталган кыргыздар жана Кыргыз Республикасы жөнүндөгү маалыматтарды табуу жана чогултуу болуп эсептелет.
Тарых изилдөөчүлөрдүн ой-пикири боюнча, ал жактан табылган маалыматтар жаңы илимий изилдөөлөргө негиз болуп, маданият-билим чөйрөсүндө жалпы эле коомчулук үчүн жана мамлекеттик башкарууда пайдасы чоң.