Бишкекте туман толук тарай элек болгондуктан, "Манас" Эл аралык аэропорту учактарды дале кабыл ала элек. Бүгүн, 15-январда Орусия жана Түркиядан учуп келген 4 учактын үчөөсү Оштун аэропортуна, бирөөсү Ташкенттеги аэропортко конгонун SUPER.KG'ге "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди. "Учактар азырынча кабыл алынбайт. Туман толук тараган соң Ош жана Ташкентке конгон учактар кайрадан жүргүнчүлөрүн Бишкекке алып келишет. Ал эми учуп кетүүгө уруксат берилген",- деди маалымат кызматынын өкүлү.