Бишкектеги "Манас" Эл аралык аэропорту тумандан улам бүгүн, 15-январда учактарды кабыл алууну токтоткон эле. Буга байланыштуу "Манас" аэропортуна кончу учактар Оштун аэропортуна жана Өзбекстандын Ташкент шаарындагы аэропортко убактылуу конууга аргасыз болгон. Мекеменин маалымат кызматы саат 13:00 чамасында туман толугу менен тарап кеткенден кийин учактарды кабыл алуу иши жанданганын билдирди.