Бүгүн дүйнө боюнча "Уикипедия" эркин энциклопедиясынын 15 жылдыгы белгиленип жатат. Мунун урматына дүйнө жүзү боюнча "Уикипедияга" көп салым кошкон алдынкы 15 адамдын аты-жөнү жарыяланды. Алардын арасында аталган энциклопедиянын кыргыз тилдүү бөлүмүн алдыга сүрөп келе жаткан Чоробек Сааданбеков бар.
"Бүгүн кыргыз тилдүү "Уикипедияда" 53 125 макала бар. Энциклопедияны өркүндөтүү үчүн долбоорлордун негизинде иштеп, тренингдерди уюштуруп келгенбиз. Макалалар ыктыярчылар тарабынан жазылып, редакторлор тарабынан текшерилип турат. Дүйнө жүзү боюнча 291 "Уикипедия" энциклопедиясы бар болсо, биздики макалалардын саны боюнча 73-орунда туруп, ай сайын 1,5 миллиондой кароолорго ээ. Ал эми кыргыз жергесиндеги сайттар арасында колдонуучулардын кирүүлөрү боюнча 12-орунда турат",- деп билдирди SUPER.KG порталына Чоробек Сааданбеков.
Кыргыз тилдүү "Уикипедия" ийгиликтерге жетишип, алдынкы орундарда туруп, эл аралык деңгээлде таанылып жатканы менен, мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо болбой келет.