Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы полкунун 2 жылдыгы белгиленди

Бишкекте бүгүн, 16-январда Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 2 жылдыгы белгиленди.

Салтанаттуу аземде ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев өсүп келе жаткан муунга үлгү болуш үчүн милиция кызматкерлери өздөрүн жакшы алып жүрүшү керектигин белгиледи. Куттуктоолордон кийин ишинде айырмаланган кызматкерлер Ардак грамота жана медалдар менен сыйланышты. Аземдин аягында полктун өздүк курамы жүрүшкө атайын берилген команда менен чыгышып, министр жана полктун жетекчилери турган трибунанын жанынан туу көтөрүп өтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан