Дил баян сынагынан уткан окуучулар Малайзиянын Лангкави аралында эс алышууда

Малайзияга барган окуучулар, аларды коштоп жүргөн ММК жана маданият өкүлдөрү учурда Лангкави аралында эс алышууда. Жарганаттар үңкүрүнө, Лангкави аралынын символу болгон бүркүттөргө жем таштачу жайга барышты. Аралдын кызыктуу жерлери менен таанышып жүрүшөт.

Аралдагы саякат...

Жарганаттар үңкүрү.

Бүркүттөргө жем берүү.

Аралда крабдар көп.

Окуучулар Бишкектен 14-январда кечинде учуп кетишкен. Алар менен бирге 9 аймактан 9 жеңүүчүнү аныктаган ММКлардын өкүлдөрү, ырчылар Айыма Айылчиева, Омар, күлкү жаратуучулар Санжар Мыкыев жана Азамат Исмаилов да барышты.
Делегация Малайзияда 21-январга чейин болушат. Анда Малайзиянын алдынкы мектептеринин бирине баруу, ММКнын өкүлдөрү жана аталган өлкөдөгү кыргыз жарандары менен жолугушуу пландалган. Мекендештер менен жолугушууда өнөр ээлери аларга ыр-күлкү сунушмакчы.

Эскерте кетсек, 2015-жылы өлкөнүн Малайзиядагы элчилиги кыргыз жериндеги окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада дил баяндар сынагын жарыялаган. Жеңүүчүлөр жаңы жыл алдында 7 облус жана Ош, Бишкек шаарлары боюнча аныкталган. Малайзияга жолдомону Абдыжапар уулу Медербек (Ош облусу), Жумадил Муңайтпасов (Ысык-Көл облусу), Айжамал Марипова (Бишкек шаары), Уланбек уулу Элназар (Нарын облусу), Мээрим Рахманова (Ош шаары), Мари Раимбекова (Чүй облусу), Адилет Сайдилаев (Баткен облусу), Нурэл Абасканов (Талас облусу), Зыягүл Искендерова (Жалал-Абад облусу) аттуу окуучулар жеңип алышкан.

Маймыл менен селфи.

Дил баян сынагынан уткан окуучулар Малайзияда эс алышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Jazim93
2016-01-17 14:30:04
Кандай жакшыыыы....
+8
gul91
2016-01-17 14:30:19
ММК кызматкерлери эмне барды десе...
-8
sarbo
2016-01-17 14:33:42
gul91,алар барбаса окурмандарга ким жеткизет
-5
Shanson
2016-01-17 18:14:44
gul91, алар мүмкүн жеткинчектерге опекун болуп баргандыр. Анан да ал жакта ким кайыкка түшкөнүн, ким балык кармаганын да элге айта турган киши керек да, омей :) Чыгымдарды өздөрү төлөгөндүр, же башка төлөсө да "байдын ашын байкуш аяйт" болбойлу да. Анан да алар деле адам да: эс алууга укугу бар дегендей ;)
-3
Ruslan_d
2016-01-17 15:02:47
Эн сонун ушундай иш чараларды коп уюштуруш керек жаш муундарга! Рахмат ушул элчиликеда жаштарды билиге болгон кызыгусун артырганы учун!
+8
bars_wire
2016-01-17 15:12:10
Эн сонун.Биздин балдаргада насип кылган болсун.ушундай кундорду.
+8
aibo_85
2016-01-17 15:31:24
Эхх. бааарыбир Кыргызстаныма жетпееейт экен бул Малайзия дегенинер...
+9
jibew
2016-01-17 15:36:35
Спас.желетти жууш керек болуп калыптыр .
+4
jusupova
2016-01-17 15:39:52
Кылычбек Султанов агайга чоон рахмат! Сиздей адамдар олкобуздо коп болсун, балдарга кутулбогон жерден сонун сюрпиз болду. Ушундай жаш балдарга демин которгон позитивдуу программалар коп болсун!
+4
zhykyo
2016-01-17 16:10:20
Оооо жыргап келгиле
+1
Arslan12
2016-01-17 16:55:42
Кылычбек Султанов агай бай киши окшойт ушунча расходдорду которуп 2 жылдан бери,
+3
nur0077
2016-01-17 18:12:13
Кылычбек Султанов алдынкы жаш муунга кам коргон тарыхтагы жалгыз чиновник,каалгандары лапшагон аткаминерлер.Бул киши олко башчысы болсо жакшы идеалар ишке ашып,элге жардамы тийсе керек.
+5
RUSLAN.KG
2016-01-17 18:37:58
Жол кире, жатакана, тамак-аш чыгымдары кимдин эсебинен? К. Султановдун оз чонтогунонбу же мамлекеттик бюджеттенби, же партнер-спонсорлордун жардамыбы?
+6
nur0077
2016-01-17 21:16:14
RUSLAN.KG,Кылычбек Султановдун оз чонтогунон,спонсорлордон,болуп отуруп ишке ашып жатса керек.Бунун баары бир адамдын чонтогуно ото оор келет.Бизде Салымбеков,Бабанов,Турсунбеков,Сурабалдиева сыяктуу милиардерлер ооздоруна талкан салгандай ундошпойт го.мына ушулар демилге котором жаман болбойт эле.бирок сойсо кан чыкпаган адамдан,эч нерсе чыкпайт.
-2
Genar.benicio
2016-01-17 21:30:14
Кылычбек Султанов эркек!
0
m_kuttubaev
2016-01-18 00:56:01
Жакшы эс алып келиниздер
0
bela77
2016-01-18 10:34:51
Бул эс алуунун баарын Кылычбек Султанов оз чонтогунон которуп жатат. Мамлекет балакетине толоп береби.Салымбеков,Бабановдор мындай ишке акчасын коротуп жинди болуптурбу аларга только акча тушо турган бизнес болсо болду...анан шайлоодо баатыр болуп чыга келишет.Кылычбек мырзага баракелде,тапканын бизнеске салбай элине коротуп жатат. Добуш алууга ушундай мырзалар татыктуу!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан