Малайзиянын Лангкави аралында эс алышкан окуучулар бүгүн, 18-январда Куала-Лумпурга учушат. Дил баян сынагынан утуп жеңүүчү болгон окуучуларды коштоп жүргөн ММК өкүлдөрү кабарлагандай, балдардын маанайы сонун, жыргап жүрүшөт. Аралда ойноп-күлүп, көптөгөн кызыктарга күбө болушту.
Элназар Лангкавиден кеткиси келбей жатканын айтууда.
Мээрим: "Малай элинин маанайы, мүнөзү жакты. Улуу-кичүүгө жылмайып турушат экен",- дейт.
Зыягүл музейлерге баргысы келип жатканын билдирди.
Окуучулар Бишкектен 14-январда кечинде учуп кетишкен. Алар менен бирге 9 аймактан 9 жеңүүчүнү аныктаган ММКлардын өкүлдөрү, ырчылар Айыма Айылчиева, Омар, күлкү жаратуучулар Санжар Мыкыев жана Азамат Исмаилов да барышты.
Делегация Малайзияда 21-январга чейин болушат. Анда Малайзиянын алдынкы мектептеринин бирине баруу, ММКнын өкүлдөрү жана аталган өлкөдөгү кыргыз жарандары менен жолугушуу пландалган. Мекендештер менен жолугушууда өнөр ээлери аларга ыр-күлкү сунушмакчы.
Лангкавидеги эс алуудан көз ирмем...
Малайзияга окуучулар менен бирге маданият өкүлдөрү да барышкан. Алар аталган өлкөдөгү мекендештерге ыр-күлкү тартуулашат.
Эскерте кетсек, 2015-жылы өлкөнүн Малайзиядагы элчилиги кыргыз жериндеги окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада дил баяндар сынагын жарыялаган. Жеңүүчүлөр жаңы жыл алдында 7 облус жана Ош, Бишкек шаарлары боюнча аныкталган. Малайзияга жолдомону Абдыжапар уулу Медербек (Ош облусу), Жумадил Муңайтпасов (Ысык-Көл облусу), Айжамал Марипова (Бишкек шаары), Уланбек уулу Элназар (Нарын облусу), Мээрим Рахманова (Ош шаары), Мари Раимбекова (Чүй облусу),Адилет Сайдилаев (Баткен облусу), Нурэл Абасканов (Талас облусу), Зыягүл Искендерова (Жалал-Абад облусу) аттуу окуучулар жеңип алышкан.