Бишкекте 17-январдан 18-январга караган түнү "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тротуарларды жана унаа жүрүүчү жолдорду кардан тазалап чыгышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Түнү бою 5 трактор, 3 грейфердик жүктөөчү жана 18 кум төгүүчү унаа иштеди. Жалпысынан жолдорго 173 тонна кум жана 13 тонна туз себилди. Тротуарларды жана жолдорду тазалоо үчүн Жол-эксплуатация башкармалыгынын 30 кызматкери жана борбордук аймактардын көчө шыпыруучулары ишке тартылды.
Азыркы маалда тазалоо иштери кечкиге чейин токтотулду. Ал эми күндүз "Тазалыктын" кызматкерлери шаар тургундарынын билдирмелери менен көчөлөрдү тазалоого чыга беришет.