Бишкектин "Тез жардам" станциясы Японияда чыгарылган Ниссан үлгүсүндөгү 9 "Тез жардам" унаасы менен толукталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 18-январда борбордогу мэриянын имаратынын алдында унааларды салтанаттуу тапшыруу болду. Жаңы унаалардын ачкычтарын шаардын мэри Кубанычбек Кулматов жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ тапшырды.
Бул унаалар тендердин негизинде ушул жылдын 12-январында алынып келинген жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан төлөнгөн. Учурда Саламаттыкты сактоо департаментинде 62 "Тез жардам" унаасы бар. 2016-жылдын аягына чейин дагы 5 унаа алып келүү пландалууда.