Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү учурда 10,8 миллиард куб метр. Бул былтыркыга караганда 2 миллиард куб метрге көп экенин 18-январда өкмөт башчы Темир Сариев күз-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.
Премьер-министр бөлүштүрүү компанияларынын түйүнүндө техникалык жоготууларды 14 пайызга төмөндөтүү тапшырмасы берилгенин эске салды. Темир Сариев 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча жоготуулардын көлөмү “Жалал-Абад электр” компаниясында – 14, “Батыш электр” – 8, “Чыгыш электр” - 17, “Ош электр” компаниясында – 14,6 пайыз, ал эми жалпы өлкөбүз боюнча 14,9 пайызды түзгөнүн билдирди.
Темир Сариев техникалык жоготууларды азайтуу боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын айтып, быйыл жоготууларды 13 пайызга түшүрүү тапшырылганын кошумчалады. Ошондой эле бөлүштүрүү компанияларынын алдында дебитордук карыз 275,6 миллион сомго көбөйгөнүн маалымдады. “Электр энергиясын жоготуу жана карыздарды чогултуу боюнча ишти кескин түрдө жакшыртуу керек. Буга байланыштуу тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Аймактарда бул боюнча облус, район жетекчилери да жооп беришет”,- деди ал.