Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт

2016-жылдын 18-январынан 20-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138, 198-265- чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Буга байланыштуу унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы шашылыш эскертүүнүн негизинде, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 18-январында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүүлөр жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан