Дүйнөдөгү ачкачылык боюнча изилдөөнүн жыйынтыгында Борбор Азияда Тажикстан 30,3 пайыз тамак жетишсиздиги менен эң жакыр өлкө деп табылды. Бул көрсөткүчтү калктын чала тойгон бөлүгүнүн, 5 жашка чейинки балдардын аң-сезиминин жетилбегендигинин, ошондой эле 5 жашка чейин каза болгон балдардын санынын негизинде Эл аралык азык-түлүк саясатын изилдөө институту түзгөн.
Экинчи орунда 13,3 пайыз тамак жетишсиздиги менен Өзбекстан, үчүнчү орунда 12,9 пайыз менен Түркмөнстан, Кыргыз Республикасы 9,4 пайыз менен төртүнчүдө турса, Казакстан 8 пайыз менен бешинчи орунда турат.
Дүйнө боюнча эң жакыр өлкө деп 46,9 пайыз тамак жетишсиздиги менен Түштүк Африка Республикасын аташты.