Мэриянын Жеке турак жай куруу департаменти Октябрь жана Литовский көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкени шаардын муниципалдык менчигине кайтарды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул көчөлөрдүн кесилишиндеги жер тилкеге берилген №969-мамлекеттик актты жокко чыгаруу үчүн Жеке турак жай куруу департаменти Октябрь райондук прокуратурасына жана райондор аралык сотуна кайрылган. Сот аталган департаменттин дооматын толугу менен канааттандырып, жер тилкеге берилген мамлекеттик актты жараксыз деп тапты.
Учурда жер тилке шаарга кайтарылып, муниципалдык болуп калды.