Президент Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүгө багытталган ратификациялык мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-декабрында кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоонун жалпы көлөмү - 250 миллион доллар. Анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы 110 миллион доллар берет: 44,5 миллион доллары – грант, 65,5 миллион доллары – жеңилдетилген насыя. Насыя каражаты 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт бүткөндө анын үстөк пайызы 1,5 пайыз болот.

Ал эми Евразия өнүктүрүү банкы жеңилдетилген насыя түрүндө 20 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 100 миллион доллар каражат берүүдө. Андан сырткары Кыргыз Республикасы кошо каржылоо үчүн салык жана алымдардан бошотуу түрүндө 40 миллион доллар кошууга тийиш.

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү иштери аяктаганда анын кубаттуулугу 20 пайызга чейин өсөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан