Былтыр өлкөдөгү жайыттардын 22 пайызы пайдаланылбай калды

2015-жылы кыргыз жериндеги жайыттардын 22 пайызы пайдаланылбай калды. Айыл чарба жана мелиорация министрлигине таянсак, былтыр өлкөдөгү 9 миллион 147 миң гектар жайыттын 7 миллион 154 509 гектары колдонулду. Жыл ичинде республика боюнча жайыт пайдалануучулардан 131 миллион 685 249 сом каражат жыйналган, бул былтыркы жылкыдан 1 миллион 654 миң сомго көп экени айтылды.

"Жыйналган акчанын 20 миллион 49 413 сому жайыттын жер салыгынын эсебине которулган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 2 миллион 619 763 сомго же 15 пайызга көп",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын декабрында парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети өкмөткө деградацияга учураган жана отоо чөп баскан жайыттарды калыбына келтирүү, талаш болуп жаткан жайыттардын чек араларын аныктап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан