Орусиялык басылмалар Владимир Путиндин мурунку аялы турмушка чыкканын жазышууда

"Орусиянын президенти Владимир Путиндин мурунку жубайы 58 жаштагы Людмила турмушка чыккан",- деп бүгүн, 26-январда орусиялык басылмалар оппозиционер Алексей Навальныйга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Путиндин мурунку аялы 37 жаштагы Артур Очеретный аттуу адамга турмушка чыккандан кийин күйөөсүнүн фамилиясына өткөн. "1995-жылы Санкт-Петербург шаарында Путиндер сатып алган батир 2015-жылдын сентябрында Людмила Очеретная аттуу жарандын менчигине өткөндүгү тиешелүү документтерде белгиленген. Документте жазылган экс-канайымдын аты, атасынын аты, туулган датасы бири-бирине дал келип турат”,- деп жазышат басылмалар.

Мындан тышкары басылмалар 37 жаштагы Артур Очеретный Адамдар ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү борборунун башчысы жана "Литературная учёба" басмаканасынын директору экенин баса белгилешти.

Эскерте кетсек, 2013-жылы Владимир Путин аялы менен ажырашканы жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан