Өлкөдө биометрикалык паспортторго өтүү июль айында башталары күтүлүүдө

Биометрикалык паспортторго өтүү июль айында башталары пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын жыйынында вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, президентти шайлоого жарандардын биометрикалык паспорттору менен катышуусу үчүн электрондук паспортторго өтүү процесси 2017-жылга чейин аякташы керек. "Учурда заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу багытында иш жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө биз үчүн эң маанилүү багыттар - өлкөнүн калкынын бирдиктүү каттоо тизмесин түзүү жана биометрикалык паспортторго өтүү",- деди Панкратов.

Айта кетсек, 19-январда президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алган. Жолугушууда Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуунун уланышы, өлкөдө биометрикалык паспортторду киргизүү аракеттери жөнүндө айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан