"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев мандаттан ажыраган депутаттар Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева жазды делген арыздардын түп нускасын экспертизага берген эмес. Муну бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына депутаттык мандаттан ажыраган Элмира Жумалиева билдирди.
"Экспертиза бүгүн саат 10:00гө дайындалган, бирок фракция лидери Канат Исаев баштаган фракция өкүлдөрү келбей коюшту. Бизди жазды делген арыздардын түп нускасын экспертизада көрсөтүшсүн. БШК, сот арыздардын көчүрмөсүнүн негизинде чечим чыгарып салды. Экспертизанын корутундусу жок соттун чечим кабыл алышы - мыйзамсыз",- деди Жумалиева.
Айта кетсек, быйыл 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. БШК бул соттун токтомуна нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазып, Жогорку Сот 21-январда райондук соттун чечимин жокко чыгарып, БШК кабыл алган чечимди туура деп тапкан. Жыйынтыгында аталган эки депутат мандаттан мөөнөтүнөн мурун ажырады.
Жумалиева менен Эсенаманова "биз депутаттык мандаттан баш тартууга арыз жазган эмеспиз" деп билдирип келишет.