Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов жана КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков жана башкалар 26-январда Нарын шаарынын активи менен жолугушту.
Текебаев бийик тоолуу аймактын жашоочуларына каралган жеңилдикти жоюу боюнча өкмөттүн аракетине каршы чыкканын, долбоорду толуктап иштеп чыгуу сунушу өкмөт башчыга жиберилгенин айтты. Депутат "Ата Мекен" фракциясы демилгелеген мыйзам долбоорлорунун бири - 2012-жылдын 3-августуна чейин жарандар тарабынан өз билемдик менен басып алынып үй курулган жерлерди мыйзамдаштыруу демилгеси экенин кошумчалады.
Мындай үйлөр Нарында да бар экенин кошумчалады.
Шыкмаматов автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтүн фракция 2020-жылга жылдырууну сунуштап жатканын белгилесе, Салянова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга кам көрүүчү мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтты.
Жолугушуудан кийин фракция лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына, Алмамбет Шыкмаматов Жумгал районуна, Аида Салянова Ат-Башыга кеткенин билдиришти фракциядан.