Түркиядан акысыз дарыланчу кыргыз мамлекетинин жарандарын Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик комиссиясы аныктайт. Муну бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына министрликтин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Кубатбек Садырбеков билдирип, бекер дарылануу жолдору тууралуу маалымат берди.
"Биринчи критерий: Кыргыз Республикасынын врачтары дарылай албаган оорулуулар гана Түркияга бекер дарыланууга жиберилет. Кимдер жөнөтүлүшү керектигин министрликтин эксперттик комиссиясы аныктайт. Кайсы илдет менен ооруганынын айырмасы жок. Бейтап арыз жазып, тийиштүү документтерин топтоп министрликке кайрылышы керек. Документтерди комиссия карап чыгып чечим кабыл алат. Жылына министрлик 50 жаранды жиберсе, Түркия тарап да 50 жаранды тандайт. Жалпы бир жылда 100 адам бекер дарылана алат",- деп билдирди Садырбеков.
Түркиядан дарыланчу бейтап жол кире, жатакана сыяктуу чыгымдарын өзү көтөрөт. Ал эми дарылануусу 100 пайыз акысыз болору айтылды.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосунда саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга 2014-жылдын июнунда президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга болгон иш сапарында кол коюлган.