Бишкектеги базар же дүкөндөрдүн ээлери токтотулган унаалар үчүн акы төлөтүшсө, аларга айып пул салына баштайт. Тиешелүү тапшырманы кечээ, 26-январда Бишкектин мэриясынын жыйынында мэр Кубанычбек Кулматов шаардык милицияга берди.
Анын айтымында, 29-январда мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы Тоголок Молдо жана Шопоков көчөлөрүндө акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды иштетүү боюнча биринчи сынакты өткөрөт. "Ал эми Бишкектин башка көчөлөрүндө унаа токтотуучу жайлар акысыз бойдон калат",- деди Кулматов.
Мындан тышкары мэриянын жыйынында Аламүдүн менен Ала-Арча дарыяларын тазалоо, тилемчилик менен алектенген адамдар маселелери талкууланды.