7-Апрель окуясы боюнча сот 1-февралда уланат. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аскер сотунда 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуялар боюнча кылмыш иши каралууда. Бул кылмыш иши төмөнкү адамдарга карата козголгон: Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Марат Бакиев, Данияр Үсөнов, Суталинов М.А., Сатыбалдиев Р.Э., Жороев К.Т., Турсункулов Н.Ж., Калыев Б.Т., Эсенбай уулу Б., Малеваная О.А., Темирбаев Н.Т., Дунганов Д.А., Жолдошалиев А.М., Цигельников С.А., Попов Т.В., Кадыров К.К., Мамбетов Т.А., Ребенов О.А., Исаков М.А., Тентиев М.М., Ниязов А.А., Мадраимов Р.Э., Карикеев М.К., Камчибеков У.М., Байтоков Р.К., Арбаев С.К.
Бул иш боюнча сот 2016-жылдын 18-январына дайындалган эле, бирок судьянын ден соолугуна байланыштуу 26-январга жылдырылган. Кечээ, 26-январда соттолуп жаткан Дунгановдун ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу соттук отурум 1-февралга дайындалды.