Өлкөдө тамеки кутусундагы "эскертүүнүн" ордуна коркунучтуу сүрөттөр коюла баштады

Кыргыз Республикасында 2016-жылдын 1-январында өкмөттүн тийиштүү токтому күчүнө кирип, тамеки кутулары коркунучтуу сүрөттөр менен чыга баштады. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөчү өкмөт бөлүмүнүн өкүлү Анара Сагынбаева бир жыл ичинде тамеки чыгаруучу тараптарга эркиндик берилерин бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына билдирди.

"Токтом күчүнө кирип, бул тууралуу маалыматы бар компаниялар тамеки кутуларын өзгөртө баштады. Бир жыл ичинде тамеки кутусун өзгөртпөгөндөргө чара көрүлбөйт. Айып төлөтүү 2017-жылдын январында гана башталат. Ага чейин кааласа жазуусу же сүрөтү менен чыгара беришет",- деди Сагынбаева.

Белгилей кетсек, мындай тажрыйба бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу Казакстанда колдонулат. Кыргыз мамлекетинде буга чейин тамеки кутуларынын сыртында "Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: Тамеки чегүү сиздин ден соолугуңузга зыян" деген жазуу жайгаштырылып келген. Таасирдүүрөөк болушу үчүн эми кутулардын сыртына чылымдын айынан адамдын ден соолугу жабыркай тургандыгын чагылдырган сүрөттөр коюла баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан