Саламаттыкты сактоо министри: "Сасык тумоонун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-январда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев менен жолугушуп, президентке саламаттыкты сактоо системиндеги реформалар жана өлкөдө медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу чаралары тууралуу маалымат берилди.

Министр учурда сасык тумоонун алдын алуу иштери жүрүп жатканын белгилеп, Бишкекте жаңы Перинаталдык борбордун, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жана Ош шаардык ооруканасынын заманбап имараттарынын курулушуна даярдыктын жүрүшүн айтты.

Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо тармагындагы реформалар дыкат иликтенип жасалып, медициналык тейлөөнүн сапаты реалдуу жогорулашы керектигин жана тармакта коррупцияны жоюу зарылдыгын белгилегенин билдиришти президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан