Президент Алмазбек Атамбаев 27-январда Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Президент өзү башында турган кеңеш өлкөбүздүн жарандарынын жаңы муунун тарбиялоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, маданий чөйрөдө мамлекеттик саясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга чыгармачыл интеллигенциянын, коомчулуктун жана эксперттик жамааттардын өкүлдөрүн тартуу максатын көздөйт.
"Улуттук маданиятты сактоо, өнүктүрүү үчүн жана Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын тийиштүү жоболорун ишке ашыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу кеңештин негизги милдети болуп саналат",- деп кабарлады президенттик аппарат.
Кеңештин курамына чыгармачыл интеллигенциянын, коомчулуктун, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди: Гүлмира Кудайбердиева - вице-премьер-министр, Тургунбай Садыков - скульптор-монументалист, Түгөлбай Казаков - композитор, публицист, Кыяс Молдокасымов - тарыхчы, Садык Шер-Нияз - Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрагасы, Эгемберди Эрматов - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы жана башкалар.