Өкмөттүн алдында 2016-жылы Токтогул ГЭСинин трансформаторлорун жаңыртуу, Бишкек ЖЭБин жергиликтүү көмүргө өткөрүү жана энергетикалык кубаттуулугун 660тан 810 мегаваттка көтөрүү пландары турат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 26-январда Баткен облустук администрациясынын коллегиялык жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы өлкөнүн коопсуздугу тууралуу да пикирин айтты. Мамлекеттин чек арасынын бекемдиги ар бир жарандын мамилесинен көз каранды экенин белгилеп: "Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери ар бир маселеге өз убагында көңүл буруп, жарандар үчүн тийиштүү шарт түзүп бериши керек. Бул жагынан Баткен облусуна өзгөчө маани берип, чек араларды бекемдөө жаатында иштерди күчөтүү зарыл",- деди Сариев.
Дүйнөдө коопсуздук маселеси курчуп, терроризм жана диний экстремизм күчөп жатканда калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтты.