Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн эксперттик жумушчу топ түзүлдү

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн эксперттик жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Эксперттик жумушчу топко 2016-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө сөз эркиндигинин принциптеринин бузулбастыгын жана маалыматтык коопсуздуктун талаптарын сактоону эсепке алуу менен улуттук маалымат мейкиндигин өнүктүрүү боюнча иштин негизги багыттарын, ошондой эле азыркы шарттарда маалыматты жыйноонун, чыгаруунун жана жыйылтуунун маселелеринин бардык чөйрөсүн камтыган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кароосуна киргизүү тапшырылды.

"Буйрукка президенттин “2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” 2013-жылдын 21-январындагы жарлыгына ылайык кол коюлду. Эксперттик жумушчу топтун курамына жарандык коомдун, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди",- деп айтылат президенттик аппараттын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан