Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 27-январда Катардын Кыргыз Республикасындагы элчиси Мохамед бин Арар аль-Наими менен жолугушту.
Өлкөлөр ортосундагы кызматташуу кызуу темп менен өнүгө баштаганын белгилеген Турсунбеков: "Президент Алмазбек Атамбаевдин аталган мамлекетке эки жолку жогорку деңгээлдеги иш сапары эки мамлекет өз ара жемиштүү өнөктөштүккө даяр экенинен кабар берет",- деп билдирди.
Катар кыргыз өлкөсү менен курулуш, туризм тармагында жана ГЭСтерди куруу боюнча кызматташууга кызыкдар экени айтылды. "Кыргыз Республикасы абдан кооз өлкө, анын Борбор Азиядагы жайгашкан географиялык абалы да ыңгайлуу. Ошондуктан көптөгөн туристтерди тартса болот, биз бул тармакта иштешүүгө кызыкдарбыз",- деди элчи.