Оппозиционер Уран Ботобеков баш паанек издеп чет өлкөгө кеткени кабарланды

Өзүн азыркы бийликке оппозиционер эсептеген Уран Ботобеков баш паанек издеп чет өлкөгө чыгып кеткени кабарланды. Маалыматты анын санаалаштары SUPER.KG'ге тастыкташты.

Ботобеков интернетке тараткан билдирүүсүндө өлкө жетекчилиги журналисттерге кысым көрсөтүп жатканын, соттордун өзүнө карата чыгарган чечимдерин тааныбастыгын айтты.

Эскерте кетсек, президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов былтыр жайында "Ботобеков жалган жалаа таратып абийириме шек келтирди" деп анын үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылган. Райондук сот аны 5 миллион сом доого жыгуу боюнча Илмияновдун арызын канааттандырган. Бул чечимди кийин шаардык сот карап, 1 миллион 800 сом төлөтүп берүү чечимин чыгарган эле.

Коомчулукта Ботобековго карата "бирөөнү күнөөлөгөндөн кийин, айыбын далилдеп бериши керек" деген пикирлер көбүрөөк айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан