Максатбек Эсеналиев Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 28-январда президенттик аппараттан кабарлашты.
Белгилей кетсек, жакында аталган кызматтын жетекчилигине Ош облусунун мурунку башчысы Сооронбай Жээнбеков дайындалган.