Үйдү камсыздандыруу баасы шаарда 1200 сом, айылдарда 600 сом

Кыргыз мамлекетинде турак жайды камсыздандыруу баасы шаарларда 1200 сом, айылдарда 600 сом. Бул тууралуу Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынан билдиришти. Камсыздандырууда үйдүн чоң же кичине экенинин айырмасы жок. Жарандар мыйзам күчүнө киргенден тарта - 2016 жылдын 11-февралынан баштап үйлөрүн камсыздандырып баштаса болорун, бирок азыркы учурда мыйзамды аткарбагандарга жоопкерчилик жок экенин белгилейт мекеме.

"Камсыздандыруу үчүн үйдүн техпаспорту, кыймылсыз мүлктүн укугун аныктоочу документ керектелет. Милдеттүү камсыздандыруу келишими ал күчүнө кирген күндөн тартып 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан